3 миллион сом пара талап кылганга шектелип Жогорку соттун кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
"2019-жылдын 15-октябрында Башкы прокуратурасына түшкөн материалдардын негизинде, УКМК тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жогорку сотуна караштуу Соттук департаментинин ресурстар башкармалыгынын башчысы А.А. тарабынан ири өлчөмдөгү пара талап кылгандыгы катталды.
Такталгандай, А.А. Соттук департаменттин кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, ЖЧК жетекчиси С.Г. райондук соттордун биринин административдик имаратын капиталдык ремонт кылуудагы тендерде утуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн 3 миллион сом өлчөмүндө пара алган. 2019-жылы 11-декабрында ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө А.А. УКМКнын Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.