Бүгүн, 14-декабрда Бишкек шаарындагы "Бишкек Парк" соода борборунда "Супер-Инфо" жана SUPER.KG порталы уюштурган, колдонуучулардын добушу аркылуу жеңишке жеткен "Жылдын суперлерин" сыйлоо аземи өтүүдө.
Добушка маданият жана шоу-бизнес тармагында бул жыл ичинде тыным албай иштеп, тер төгүп эмгектенген ырчы, актриса, вайнер, режиссёрлор коюлган.
"Жылдын супер ремейки-2019" наамына "Ырдалып бүтпөйт махабат" деген ыры менен Нурлан Насип жана Асел Кадырбекова ээ болду. Аларга наамды Кыргыз Республикасынын Эл артисти Каныкей Эралиева тапшырды.
"2019-жылды аяктап жатып "Жылдын супер ремейки-2019" наамына ээ болуп отурабыз. Биздин эмгегибизди баалагандарга ыраазычылык билдиребиз. Наам алып жатканыбызга кубанычтабыз. Бул бизге стимул болот деп ишенебиз. Наамды Каныкей эже тапшырганы биз үчүн сыймык", - дейт Нурлан Насип.