"Жылдын сахна адамы-2019" наамынын жеңүүчүсү Съездбек Искеналиев аябай кубанып жатканын билдирди.
"Аябай кубанычтамын, чындыгында сюрприз болду. Адамдын эмгеги бааланган эң чоң бакыт. Чычкан жылын утурлай, ушундай сыйлыкка ээ болгонум мага майдай эле жакты. Эми талкалайбыз да", - дейт Искеналиев.
Бүгүн, 14-декабрда Бишкек шаарындагы Бишкек Парк соода борборунда "Супер-Инфо" жана SUPER.KG порталы уюштурган, колдонуучулардын добушу аркылуу жеңишке жеткен "Жылдын суперлерин" сыйлоо аземи өтүүдө.
Добушка маданият жана шоу-бизнес тармагында бул жыл ичинде тыным албай иштеп, тер төгүп эмгектенген ырчы, актриса, вайнер, режиссёрлор коюлган.