"Жолдошум кызуу абалында балдарымды каратып туруп мага кол көтөрдү. Кийин атасынын унаасын айдап чыгып кеткен. Укук коргоо органдары менин сабалганым тууралуу арызды кабыл албай, жолдошумдун туугандары берген арыз менен кылмыш иши ачылды. Анда далилдер жок, бир гана жолдошумдун, анын ата-энесинин мени унаанын терезесин таш менен талкалап салган деген көрсөтмөсү бар. Азыр жолдошумдун туугандары сот аркылуу унаага келтирилген зыян үчүн 15 миң сом төлөтүүгө мажбурлап жатышат" дейт адилеттик издеп жүргөн 2 баланын энеси.
Акылга сыйбаган окуяда чынында кимдер жабыркаган? Укук коргоо органдары эмне үчүн бул ишке тийиштүү көңүл бурбай жатат?
Кененирээк "Супер-Медиа" маалымат борборунда эртең, 16-декабрь күнү саат 10:30да боло турган маалымат жыйындан биле аласыз.
Катышуучулар:
Асел Темкеева
Асел Орозбекова, жактоочу
Тел: 0770 88 26 00; 0770 88 27 75
Дареги: Бишкек шаары, Жибек Жолу көчөсү 381 ("Эльдорадо" соода борборунун 2-кабаты)