"Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бишкекте "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" IX эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды. Кинофестиваль улуттук жана эл аралык деп эки программага бөлүнгөн. Улуттук программанын жеңүүчүлөрү:


"Мыкты фильм" наамын Жанузак Мамытов режиссёрлук кылган "Салт" ("Традиция") тасмасы алды.

"Мыкты режиссёрлук иш" наамы Сүйүм Сулайманованын "Досум менин - душманым менин" ("Друг мой – враг мой") тасмасына буюрду.

"Калыстардын атайын сыйлыгын" Данияр Абировдун "51+" тасмасы алды.

Эл аралык программанын жеңүүчүлөрү:

"Мыкты тасма" сыйлыгын латвиялык режиссёр Адриана Розенин "Жамаат. Мен" ("Коллектив. Я") тасмасы алды.

"Мыкты режиссёрлук иш" наамы украиналык режиссёр Марина Рощинанын "Шаттыкта, бир гана шаттыкта" ("В радости и в только радости”) фильмине буюрду.

"Калыстардын атайын сыйлыгы" кыргыз режиссёру Чыңгыз Сулумбековдун "Чемичке" ("Подсолнух") фильмине ыйгарылган.

Быйыл фестивалга катышууга 700дөн ашык билдирүү келип түшкөн. Алардын ичинен улуттук сынакка 17 жергиликтүү тасма, эл аралык сынакка 14 тасма тандалып алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан