Бишкекте 14-декабрда автобус, троллейбус жана эки автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирген.
Маалыматка ылайык, кырсык Гагарин жана Термичиков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анын кесепетинен 8 киши жабыркаганы айтылган.
“Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаа менен троллейбус жөө адамдарды өткөрүп токтоп турган. Ошол маалда №6 автобус троллейбусту сүзүп, ал автобуска Ford Focus үлгүсүндөгү автоунаа келип урунган. Кырсыктан жабыркагандар №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочуларга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча бир жүргүнчүнүн абалы оор”, - деп айтылган маалыматта.
15-декабрда Шаардык мэрия коомдук унаадагы жүргүнчүлөр камсыздандырылганын белгилеген.
“Кырсык орун алгандан кийин вице-мэр Азиз Алымкулов транспорттук кызматтын жетекчилиги менен ыкчам жыйын өткөргөн. Жыйында кырсыкта жабыркагандарга компенсация төлөп берүү маселеси көтөрүлгөн. Учурда Камсыздандыруу компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Кырсыктан жабыркагандар тийиштүү документтерди көргөзгөндөн кийин Камсыздандыруу компаниясы компенсацияларды төлөп баштайт”, - дешти мэриядан.
Маалым болгондой, муниципалдык унаалардагы жүргүнчүлөрдүн отургучтары жыл сайын камсыздандырылып турат.