15-декабрда белгилүү болливуд актрисасы Хема Малини казак элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Ага ылайык, "Зита жана Гита" тасмасында баш каармандын ролун аткарган актриса казактардын улуттук кийимин кийип, аларга видео кайрылуу жасаган. Кайрылууда ал жакында Казакстанга концерттик программасы менен келерин айткан.
Маалым болгондой, "Зита жана Гита" тасмасы 1972-жылы тартылган. Ал чыгаары менен популярдуу болуп, тапкан каражаты эң көп тасмалардын катарын толуктаган. Ал эми 1976-жылы тасма СССРдин кинопрокатына чыгып, аны 55 миллиондон ашык адам көргөн.