Токмок шаарында уурулукка шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, ушул жылдын декабрь айынын башында Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылган. Анда ал, Токмок шаарынын көчөлөрүнүн биринде токтоп турган автоунаасынан эки аккумулятор жана машинадагы магнитофонун белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдирген.
"Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурулук) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Токмок шаарынын ИИБнин тергөө кызматы тарабынан бул кылмыштын бетин ачуу үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 22 жаштагы Б.Н., К.Б. жана 16 жаштагы И.А. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда кармалган балдардын башка да кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин текшерүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.