Атактуу кинорежиссёр Болот Шамшиев реанимацияда, учурда абалы оор. Бул маалыматты анын кесиптеши тастыктады.
Маалыматка ылайык, режиссёр 3 жума мурун Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана президенттик башкармалыгынын клиникалык ооруканасына түшкөн. "Эки-үч күн болуп калды, абалы оор деп жатышат. Жанына эч кимди киргизбегенине байланыштуу көрө албай жатабыз", - дейт кесиптеши.
Эске салсак, Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында төрөлгөн. "Караш-караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Асма көпүрө", "Ак кеме", "Бөрү зындан" жана башка тасмаларды тарткан.