Комузчу Назбек Кенчинбаев эми иниси менен чыгат

Комузчу Назбек Кенчинбаев иниси менен жаңы топ түздү. Бул тууралуу комузчу SUPER.KG порталына билдирди.

"Буюрса, иним Дастан менен ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан комузубузду жаңы форматта, заманбап стилде алып чыгалы деп жатабыз. Комуз десе эле эл аспапты колго алып ойногонду элестетет, биз комуз аркылуу элди бийлеткенге аракет кылабыз. Иним мени көрүп таасирленип, комузга кызыгуусу 4-классында башталган. Азыр мага тең келип, комузда кол ойнотот. Андыктан экөөбүз комузду дагы бир баскыч бийик көтөрүп, жакшы чыгармаларды тартуулоо алдында турабыз. Эки чыгармабыз даяр болгон, жакында клиби менен эл сынына коёбуз", - дейт Назбек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gsuita
2019-12-17 09:52:41
Азаматсыңар, ишиңерге ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан