"Дүкөндөрдөн акча, товар, үйлөрдөн велосипед уурдап жүрүшкөн". Сокулукта уурулукка шектелгендер кармалды

Сокулук районундагы Ново-Павловка жана Гавриловка айыл аймактарында велосипед уурдап жүрүшкөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ушул жылдын июль айынан бери Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына бир нече жаран уурулук фактысы менен арыз жазып кайрылган. Аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам тергөө амалдарынын алкагында, шектүү катары З.С жана Ч.Н аттуу жарандар кармалды. Кармалгандардын жашы 18де. Алардын бирине карата тергөө аяктаганга чейин камакка алуу чарасы колдонулду.

Мындан тышкары, шектүүлөр дүкөндөрдүн кулпусун талкалап, ал жактан акча жана товарларды уурдап жүргөнү дагы аныкталды. Учурда кармалган балдардын башка да кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин текшерүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ninja82
2019-12-18 07:46:17
бешиктен бели чыкбай жатып ушул ишти кылышса,эртен эмне иштерди кылат. уурунун коту кууш дейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан