Чүй облусунда көп батирлүү үйдөн өрт чыкты

Бүгүн, 17-декабрь күнү Чүй облусундагы турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кайырма айылынын Западный көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 10:42де 1 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 11:57де өрт толугу менен өчүрүлгөн. Натыйжада куткаруучулар 2 кабаттуу көп батирлүү үйдүн калган батирлерине өрттүн жайылып кетүүсүнө жол бербей, тилсиз жоодон сактап калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан