Режиссёр Адилет Акматовдун "Шакал" драмасы коммерциялык багытты көздөбөйт. Бул тууралуу аталган тасманын продюсери Нурбакыт Разаков "SUPER MEDIA" пресс-борборунда өткөн жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, тасма фестивалга ылайыкталып тартылган.
"Фильм - фестивалга ылайык тартылган. Негизги идеясы - чечим кабыл алаарда жакшылап ойлонуп, анан кадам жасоо керектигин элге жеткирүү", - дейт ал.
Ал эми тасманын бюджети, актёрлордун гонорары тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
"Киного канча каражат кеткени жашыруун бойдон калсын. Негизги сумманы Адилет Акматов, анын казакстандык өнөктөшү жана мен бөлгөм. Башкы каармандын ролун аткарган 3 актёрго сүйлөшүүгө жараша гонорар төлөндү. Башында айтып өткөндөй, биз тасманы баштап жатканда эле жумшап жаткан каражатыбыз кайра кайтып келбей тургандыгын билгенбиз. Жок дегенде бир фестивалга катышса, ошол бизге чоң жетишкендик".