Сокулукта курбулар уруша кетип, бири экинчисин бычактап салган

17-декабрь күнү Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканага бычактан жаракат алган аял түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Сокулук РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабырлануучунун өздүгү такталып, ал 32 жаштагы К.С. экендиги аныкталган. Тергөө учурунда жабырлануучу ага ким бычак сайганын билбестигин жана курбулары менен таанышынын үйүндө отурушта болгонун айткан. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "адам өмүрүнө кол салуу" (39-130) беренеси менен катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринде жабырлануучу ысымын атаган адамдардын баары суракка алынып, 31 жаштагы Р.Б. кылмышка шектелип кармалган. Болжолдуу маалыматтарга караганда, курбулар мас абалында уруша кетип, бири экинчисине бычак сайган. Учурда кылмышка шектүү Сокулук райондук убактылуу кармоочу жайга киргизилип, керектүү экспертизалар түзүлгөн. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2019-12-18 17:00:29
Бычактап сайган?
-1
murat17
2019-12-18 17:21:17
бул дагы же узбек окшойт ону кыргызга окшобойт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан