Кыргыз каскадёрлору орусиялык тарыхый тасмага тартылууда

Учурда Орусиянын Пермь шаарында "Сердце пармы" деп аталган тарыхый драма тартылууда. Ага кыргыз каскадёрлору да тартылып, өз салымын кошуп келет. Бир нече чет өлкөлүк тасмаларга тартылган каскадёр Дамир Ашимов орусиялык тасма тууралуу SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Учурда биз Пермде "Сердце пармы" деп аталган тарыхый тасмага тартылып жатабыз. Толук метраждуу аталган тасманын тартуу иштери быйыл 14-июлда башталган. Сентябрь айында Кыргыз өлкөсүнөн каскадёрлор Султан Диканбаев, Эдил Молдалиев, Тойчубек Серкебаев, Мурат Бурханов болуп келип бир бөлүгүнө тартылган элек, эми калган бөлүгүнө киришип жатабыз. Тасмада биз аскерлердин ролундабыз", - дейт ал.

Белгилей кетсек, тасма Алексей Ивановдун "Сердце пармы" деп аталган романынын негизинде тартылууда. Анда XV кылымдагы Москванын Улуу Пермди басып алгандагы согуштук окуялар чагылдырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
suban78
2019-12-19 09:32:57
Азаматтар. Ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан