Ырчы Кубаныч Сатаев менен жубайы Кундуз Авашова жаңы курулган көп кабаттуу үйдөн батир алышты. Жаңы жылды жаңы үйдөн тосоюн деп жаткан ырчы Кубаныч Сатаев батирдин ичине эмерек коё электигин айтат.
"Батирди 2 жыл мурда котлованы казылганда эле алганбыз. Андан бери имараттын курулушун күтүп жүрдүк. Быйыл имараттын курулушу толук бүтүп, батирлер берилди. Күз мезгилинен баштап батирдин ичин өзүбүз жасап баштаганбыз. Азырынча эмерек коё элекпиз, калган иштер бүттү. Буга чейин жер үйдө жашачубуз. Буюмдарыбыз көп экен, дагы деле көчүп бүтө элекпиз", - дейт ал.