ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2019: Балалуу үй базар. Узап бара жаткан жылда уул, кыздуу болгон жылдыздар

2019-жылы шоу-бизнес, маданият, спорт жаатындагы жылдыздардын үй-бүлөсүндө толуктоолор орун алып, тапичкелер көбөйдү. Алардын айрымдары алгачкы жолу ата-эне бакытын сезсе, айрымдары үчүнчү, төртүнчү ирет балалуу болушту. Бул жылы кайсы белгилүү сүйүнчү айтып, жентек той өткөргөнүн эске салабыз.

АТА-ЭНЕ МАКАМЫН БИРИНЧИ ЖОЛУ АЛГАНДАР

"Заманыбыздын супер алпаруучусу" наамынын ээси Нурзат Токтосунова жана жолдошу Максат Надырбеков 13-февралда тун наристелүү болушту. Нурзат айым Алматы шаарындагы төрөтканалардын биринде кыз төрөп, бөбөккө Акбермет деген ысым ыйгарышкан.

Нурзат Токтосунова 2015-жылы Максат Надырбековго турмушка чыгып, 2016-жылы заманбап тоюн Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде өткөрүшкөн.

Ал эми ырчы Омар менен анын жубайы Диана 13-февралда кырк жылкылуу болушту. Наристенин салмагы 3 килограмм 560 грамм, бою 47 сантиметр болуп төрөлгөн. Ырчы мырзанын кызына Арууке деген ысым ыйгарылган. Омар 2017-жылдын 2-декабрында борбордогу медициналык окуу жайда окуган Диана аттуу кызга баш кошкон.

Ырчы Кундуз Канатбек кызы 20-февралда салмагы 3 килограмм 600 грамм, бою 54 сантиметр болгон кыз төрөп, Алия деген ысым ыйгарган.

Кундуз Канатбек кызы көп жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитине турмушка чыгып, үлпөт тою 2018-жылдын 26-июль күнү болгон.

Таттуу түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова 27-мартта кыздуу болушту. Наристе бою 52 сантиметр, салмагы 3 килограмм 500 грамм болуп төрөлдү. Чоң атасы, чоң апасы ымыркайга Дария деген ысым коюшкан.

Түгөйлөр 2018-жылы баш кошушкан.

Бийчи жана хореограф Максат Токтоналиевдин жубайы Азада 25-июнда көз жарды. Жубайлар 2018-жылы 20-июнда баш кошушкан.

3-июнда рэп ырчысы Баястан менен бийчи Зульфия Лансарова Наринэ аттуу кыздуу болушту. Ымыркайдын бою 52 сантиметр болуп, 3 килограмм 360 грамм салмакта төрөлгөн. Рэп аткаруучу 2018-жылы 11-августта бийчи Зульфия Лансаровага үйлөнгөн. Түгөйлөрдүн үлпөт тою 27-августта Балыкчы шаарында өткөн.

Ырчы Арсен 29-июнда кыздуу болуп, ага Алия деген ысым ыйгарган. Наристенин бою 53 сантиметр, салмагы 3 килограмм 600 грамм болгон. Арсен менен жубайы Бегайым 2018-жылы июль айында баш кошушкан.

"Жебе" тобунун мурдагы ырчысы Минур Алтынбеков 20-июлда ата макамын алып, Алихан аттуу уулдуу болду. Минур Алтынбеков сүйүктүүсү Жазгүл менен 2018-жылдын сентябрь айында үй-бүлө курган.

"Sexy, sexy" деген ыры менен ырчы катары таанымал болгон Арман Эсенгожоевдин жубайы 22-июлда көз жарды. Ырчы уулуна Ирхан деген ысым ыйгарган. Наристенин салмагы 3 килограмм 450 грамм, бою 54 сантиметр.
Арман Эсенгожоев 2018-жылы 21-октябрда жубайы Роза аттуу айымга үйлөнүп, 27-октябрда үлпөт тоюн борборубуздагы тойканалардын биринде өткөргөн. Ырчы мырза менен жубайы Розанын ортосундагы жаш айырмачылык 8 жаш.

16-августта ди-джей жана алпаруучу Нурзада Жолдошева кыздуу болду. Ал былтыр март айында турмушка чыккан.

Көпчүлүккө "мурутчан агайдын" образы менен таанылган актёр Нурсултан Курсанали уулу 22-августта уулдуу болду. "Уулумдун салмагы 4 килограмм 500 грамм, бою 55 сантиметр", - деген ал. Актёр сүйүктүүсү Диана менен 2018-жылдын октябрь айында баш кошкон.

7-сентябрда футбол боюнча Кыргыз курама командасынын мүчөсү Азамат Байматов эркек балалуу болду. Ал 2018-жылдын ноябрь айында Жибек Бейшеева аттуу бийчи кызга үйлөнгөн.

10-сентябрда ырчы Кыздаркан Келдибекова 12 сааттык толгоодон кийин кыздуу болду. Ырчы 2019-жылдын февраль айында 4 жылдан ашык убакыт сүйлөшүп жүргөн мырзасына турмушка чыккан.

9-октябрда белгилүү улакчы Манас Ниязов ата статусун алды. Ниязовдун уулу 3 килограмм 200 грамм салмакта төрөлгөн. Манас Ниязов сүйүктүүсү Назира менен 2018-жылдын 11-декабрында баш кошуп, 12-декабрда Оштогу тойканалардын биринде үлпөт тоюн өткөрүшкөн.

9-октябрда алып баруучу, шоумен Урмат Борченов ата болду. "Өзүмө окшош кыздуу болдум. Салмагы 3 килограмм 400 грамм салмакта төрөлдү", - деген ал. Шоумен 2019-жылдын февраль айында сүйүктүүсү Асел айым менен үй-бүлө курган.

ЭКИНЧИ, ҮЧҮНЧҮ, ТӨРТҮНЧҮ ИРЕТ БАЛАЛУУ БОЛГОНДОР

Рэп аткаруучу Добр жылдын башында, тагыраагы, 22-январда экинчи ирет ата макамын алды. Анын жубайы Жибек борбордогу төрөтканалардын биринде салмагы 3 килограмм 300 грамм, ал эми бою 50 сантиметр болгон кызды жарык дүйнөгө алып келди. Рэпер мырза 2016-жылы 19-августта тун наристелүү болуп, ага Азирет деген ысым ыйгарган.

22-февралда теле алып баруучу, актриса Назира Бердигулова кыздуу болду. Назира Бердигулованын Шахиризада аттуу кызы жана Нурислам деген уулу бар.

4-мартта "60K" тобунун солисти Талант Кадыровдун жубайы Элмира Ыстамбаева көз жарды. "Биринчи балабыздын аты Раймир. Уйкаш болсун деп кызымдын атын Рамиля деп койдук. Бою 49 сантиметр, 3 килограмм 145 грамм салмакта төрөлдү", - деген ал.

13-мартта ырчы Айпери Кубик кызы экинчи ирет эне болду. Ал уулуна Райан деген ысым койгон. Ырчы айым биринчи уулун 2015-жылы 5-августта жарык дүйнөгө алып келип, ага Даян аттуу ысым ыйгарган.

25-апрелде эрежесиз уруш боюнча "WEF" уюмунун чемпиону Бусурманкул Абдибаит уулу ата макамына ээ болду. "Балабыз 3 килограмм 600 грамм, бою 55 сантиметр болуп төрөлдү. Кубанычымда чек жок", - деген ал. Бусурманкул Абдибаит уулу келинчеги Нестан Рыспаевага 2018-жылдын 2-апрелинде баш кошкон.

1-майда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев уулдуу болду. Ымыркай 3 килограмм 420 грамм салмакта төрөлдү. Бою 49 сантиметр.

Быйыл шоумен Санжар Мыкыев экинчи ирет ата статусуна ээ болду. Анын жубайы Наристе 10-майда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды. Санжар мырза 2013-жылдын ноябрь айында Наристе менен баш кошкон. Түгөйлөрдүн Фатима аттуу 4 жаштагы кызы бар.

Көпчүлүккө "Кумар", "Сен эмне кылмаксың?", "Сүйүү жазы" деген тасмалар аркылуу таанылып, андан сырткары бир канча клиптерде роль жараткан актриса Калипа Усенова уулдуу болду. Наристе 15-майда 3 килограмм 400 грамм салмакта төрөлдү. Бою 52 сантиметр. Актрисанын Эркин аттуу уулу жана Элина аттуу кызы бар.

22-майда ырчы KG Эльмурат уулдуу болуп, ага Салман деген ысым ыйгарды. KG Эльмурат жубайы Жайнагүл менен 6 жылдан бери түтүн булатып келе жатышат. Бул ырчынын үчүнчү баласы, мындан башка бир кыз, бир уулу бар.
"Добулбас" тобунун солисти, учурда жеке ырчы катары чыгармачылыгын улантып жаткан Ильяс Кудретов 9-июнда уулдуу болду. "Уулум 3 жарым килограмм салмакта төрөлдү. Бою 53 сантиметр. Буга чейин уулдуу болсом, атын Абдулла коём деген ниетим бар болчу", - деген ал.
Ильяс Кудретов менен жубайы Нурзада 2017-жылы Наима аттуу кыздуу болушкан.
19-июнда тамада, күлкү жаратуучу Кадыр Жарматов төртүнчү ирет ата макамын алды. Кадыр Жарматов менен жубайы 1 уул, 2 кызды тарбиялап келишет.
17-июлда ырчы Асконун үйүндө наристе үнү жаңырып, экинчи ирет ата болду. Ырчы менен жубайы Бегайымдын ортосунда Дария аттуу кызы бар.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду. Ырчынын жубайы 22-июлда салмагы 3 килограмм 700 грамм, бою 53 сантиметр болгон кызды жарык дүйнөгө алып келди. Ырчы 2016-жылдын 8-июлунда Айпери аттуу сулуу менен баш кошуп, 2017-жылы уулдуу болушкан.

30-июлда актёр Кубанычбек Курманбековдун үйүндө толуктоо болуп, экинчи ирет уулдуу болду. Наристенин салмагы 3 килограмм 650 грамм, бою 53 сантиметр. 2015-жылы Кубанычбек Курманбеков Замира аттуу сүйлөшкөн кызына үйлөнүп, түгөйлөр уулдуу болушкан.

24-августта актёр, "тамашоучу" Эмил Эсеналиев уулдуу болду. Ал 2015-жылы декабрь айында Айгерим аттуу кызга баш кошкон. Алар 2016-жылы август айында уулдуу болушкан.

24-сентябрда ырчы Курал Чокоев ата макамын алды. Жубайы Жанара 5 сааттык толгоодон кийин 3 килограмм 290 грамм салмактагы бою 52 сантиметр болгон кызды жарык дүйнөгө алып келди. Түгөйлөр кызына Акылман деген ысым ыйгарган.

2018-жылы Курал Чокоев бойдокчулук менен коштошуп, Жанара айымдын Чолпон-Ата шаарында кыз узатуу тою өтүп, андан соң жубайын өз үйүнө алып кеткен. Ал эми түгөйлөрдүн үлпөт тою 30-октябрда Бишкектеги тойканалардын биринде өткөн.

27-октябрда Көк бөрүчү Сейитбек Анарбек уулу уулдуу болду. Сейитбек Анарбек уулу жубайы Айпери Руслан кызы менен баш кошуп, жашап келе жатканына 10 жылдын жүзү болду. Жубайлардын ортосунда бир кыз, бир уулу бар.
30-октябрда тамада, алып баруучу Кубат Кубанычбеков экинчи ирет кыздуу болду. Алар наристеге Аль-Сафия деген ысым ыйгарган. Кубат Кубанычбеков сүйүктүүсү Айжан айым менен 2014-жылы 10-августта баш кошушкан. Жубайлар 2015-жылдын 22-июнунда ата-эне бакытын сезип, Аиша аттуу кыздуу болушкан.
31-октябрда төкмө акын, "Айтыш" коомдук фондунун тең төрагасы Асылбек Маратов эркек балалуу болду. Асылбек Маратов менен жубайы Перизат Ишенбекова 2 жыл мурда тун наристелүү болушкан.
31-октябрда ырчы Ильяз Андаштын жубайы экинчи ирет көз жарды. Төрөткө катыштым деген Ильяз мырза ымыркайдын салмагы 3 килограмм 900 грамм болгонун айткан.

Ильяз Андаш 2013-жылдын август айында Сүйүү менен баш кошуп, Каракол шаарында чоң той өткөрүп, элден бата алган. Жубайлар 2015-жылдын январь айында кыздуу болушкан.

19-декабрь күнү ырчы, актриса Асема уулдуу болду. Наристе 4 килограмм салмакта, бою 52 сантиметр болуп төрөлдү. Асема менен жолдошу Акжол мырзанын бир кызы, бир уулу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mister-X
2019-12-31 19:23:28
Жарымынан кобун тааныбайт экем.Кыргызстанда жалан эле жылдыз боп кеткен го... Мен эле калган окшойм.
Мен деле аккордеон, гитара, комуз чертчу элем. Жылдыз боп кетсем окшойт..
Бирок ушул жылдыздар жанып атабы, жарыгыраак жанса таанымак элек. Жакшы жана албай жатат окшойт..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан