Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова жолдошум деп жаткан жаран кармалды. УКМК анын эмнеге кармалганы боюнча маалымат таратты.
"УКМКга М.М. аттуу Кытай жараны кайрылган. Ал С.Кенжебаев аттуу жаран алдоо жолу менен анын 350 миң доллар акчасын алганын айтып, чара көрүүнү суранган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берененин (алдамчылык) 3-бөлүгү менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Тергөө амалдарынын алкагында Кытай жараны "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабына катышуу үчүн Кыргыз өлкөсүнө келгени маалым болгон. Ал кытайлык ири компаниянын өкүлү катары долбоорго инвестиция тартуу үчүн келген. Кытай жараны долбоорго катышууга даярданып жатканда С.Кенжебаев менен таанышкан. Жаңы таанышы анын ишенимине кирип, күтүүсүз чыгымдарга деп 350 миң доллар акчасын алып, кийин акчаны кайтаруудан баш тарткан.
Мындан тышкары, сотко чейинки өндүрүш ишинде С.Кенжебаев Кытай жаранынан дагы 250 миң доллар акча талап кылганы тууралуу далилдер алынган.
Жогорудагы иш боюнча 20-декабрда С.Кенжебаев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматованын жогорудагы иш боюнча анын жолдошу кармалганы тууралуу билдирүүсүнө карата УКМК буга байланыштуу маалымат жоктугун билдирет. Анткени экс-депутат сурактардын биринде ишенимдүү түрдө жолдошу менен ажырашканын, ал эми С.Кенжебаев менен көпкө созулбаган жарандык никеде жашаганын айткан", - деп жазылат маалыматта.
Экс-депутат социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жолдошу дайынсыз болуп жатканын билдирген. "Биздин атабызды Алматынын аэропортунан белгисиз адамдар кармап кетишти. Балким уурдап кетишти. Эч ким эч нерсе айтпай жатат", - деп жазган Айтматова.
Маалымат үчүн: 204-берене. Алдамчылык
IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
1) ири өлчөмдө;
2) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан -
VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.