"Манас" эл аралык аэропортунан башка жарандын паспорту менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган адам кармалды. Ага республиканын аймагынан чыгууга тыюу салынганын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.
"20-декабрда Бишкек - Москва каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү каттоодон өткөрүп, паспортторун текшерүү учурунда жаран 1994-жылы туулган М. уулу М`га таандык документти көрсөткөн. Кызматкерлер сүрөттөгү адам менен жүргүнчүнүн окшош эместигин байкап, аны суракка алган. Сурак учурунда ага республиканын аймагынан сырткары чыгууга тыюу салынганы маалым болгон.
Тергөө амалдарын улантуу жана кармалган жаранга карата чара көрүү үчүн ал УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.