Кара-Сууда күйөө бала кайненесин бычактап
Окуя 3-январь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунда болгон. 21 жаштагы күйөө бала кайненесинин үйүнө келип, кошо ала келген бычагы менен маркумдун чекесине, санына жана колдоруна сайган. Кайнене алган жараатынан улам ооруканага түшкөн. Шектүү кармалып, ага "киши өлтүрүүгө аракеттенүү" беренеси менен иш козголгон. Апрель айында Кара-Суу райондук соту соттолуучуну күнөөлүү деп таап, 9 жылга эркинен ажыраткан.
Өзгөндө кызын зордуктаган ата
Ош облусунун Өзгөн районунда 14 жаштагы кызды атасы зордуктап жүргөн. Милиция окуяны кыз 6 айлык кош бойлуу болгондо билип, 20-январда шектүү атаны кармашкан. Жабырлануучу кыздын апасы 2013-жылы каза болуп, кыз бир туугандары жана атасы болуп бирге жашап келишкен. Териштирүү иштеринде шектүү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендиги, психикалык жактан жабыркап жүргөндүгү айтылган. Кош бойлуу кыз 5-апрель күнү ай-күнүнө жетпей, операция жолу менен көз жарган. Ымыркай 2 килограмм 400 грамм салмакта төрөлгөн. Кыздын туугандары наристени багууга шарт жок экенин билдирип, элдин сөзүнөн уялып, аны алып кетүүдөн баш тартышкан. Ал эми 30-апрелде Өзгөн райондук соту зордуктоого айыпталган атаны күнөөлүү деп таап, 12 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.
Нарында жубайлардын жансыз денелери өз үйүндө табылды
Каргаша 5-март күнү Нарын облусунун Жумгал районунда болгон. Анда 51 жаштагы үй ээси складда асынган, ал эми анын 48 жаштагы жубайы уктоочу бөлмөдө киши колдуу каза болгон абалда табылган. Териштирүү иштеринде жубайлар 80 жаштагы апасы менен чогуу жашашканы, 4-март күнү алар уруша кетип, күйөөсү аялын сабап салганы белгилүү болгон. Бул үй-бүлөнүн коңшусу жубайлардын үйлөнгөндөрүнө бир жыл болгонун жана ортосунда бала жок экенин айтып берген. Айылдагылар күйөөсү аялын кызганып сабаган деп айтып беришкен. Ал эми маркум ошол күнү Бишкектеги агасына телефон чалып, "келиниңизди өлтүрүп алдым. Эми өзүм өлгөнү жатам. Келип экөөбүздү чогуу көмүп койгула", - деп айтып телефонду коюп салган. Айласы кеткен агасы кошунасына телефон чалып, инисинин үйүн карап коюну өтүнгөн. Үйгө барган коңшу күйөөсү менен аялынын жансыз денелерин тапкан. Бул иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөдө иш өндүрүштөн кыскартылган.
Жалал-Абадда 22 жаштагы бала ишкердин 7 жашар баласын ири суммадагы акча алыш үчүн өлтүргөн
Төбө чачты тик тургузган бул окуя Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда болгон. Анда 7 жашар баланы 4-апрель күнү чаламандын чак түшүндө белгисиз адамдар уурдап кеткен. Көп узабай баланын атасына белгисиз адамдардан телефон чалуу болуп "балаң бизде 13-апрелге чейин 120 миң доллар табасың" деген талап коюп, трубканы коюп салган. Кийинчерээк "милицияга кабар берсең, уулуңду өлтүрөбүз" деген билдирүү келген. Түзүлгөн оперативдүү тергөө тобу издөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары 1997-жылы туулган жаранды кармашкан. Шектүүдөн жоголуп жаткан баланы сурашканда, ал аны өлтүрүп койгонун айткан. Ал окуяны өзү көрсөтүп берип, каза болгон баланы айылдын айдоо талаасына көмүп койгон жерин көрсөтүп берген. 1-июль күнү Ноокен райондук соту 22 жаштагы соттолуучуну күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.
Бишкекте 9 жаштагы баланы таякеси "акча уурдады" деп унаага сүйрөтүп
Бишкекте 9 жаштагы баланы таякеси "акча уурдадың" деп унаасына сүйрөткөн. Жүрөктүн үшүн алган окуя 27-апрель күнү Алтын-Казык жаңы конушунда болгон. Эртең мененки саат 8:00 чамасында 9 жаштагы баланы таякеси унаасына жип менен байлап, бир нече метрге чейин сүйрөп барган. Аёосуз мамилени көргөн кошуналар милиция чакыртышкан. Укук коргоо органдары шектүү катары 1986-жылы туулган жаранды кармашкан. Ал эми бала ар түрдүү жаракаттарды алып, балдар ооруканасына жаткырылган. Тергөөдө таяке бул жорукту баланы тарбиялоо максатында жасаганы менен түшүндүргөн. Ал эми баланын апасы Орусияда иштеп жүргөн. Окуядан кийин баласына келген. Ал уулу ооруканадан чыкса өзү менен кошо Орусияга алып кетерин билдирген. Ал Орусияда чет тилден сабак берип, репетитор болуп эмгектенерин айткан. Бул иш май айында Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Учурда чечим чыга элек.
Жалал-Абадда 2 жашар кыз көк ала болуп сабалып, 13 күн комада жатып, чарчап калган
7-май күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2 жашар кыз денесинин баары көк ала болгон абалда ооруканага келип түшкөн. Кызды көргөн врачтар наристе сабалган болушу мүмкүн деген тыянак чыгарышкан. Аны ооруканага таенеси алып келген. Көп өтпөй бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, алгачкы тергөөдө кыздын таенеси ал тепкичтен кулап кеткенин айтып берген. Өлүм менен алышкан кыз 13 күн комада жатып, чарчап калган. Кыздын апасы аны өгөй таенесине таштап, өзү Орусияга иштегени кеткен. Ал кызы ооруканада жатканда келип, өгөй энеси кызын жакшы эле карап жүргөнүн айткан. Кийинчерээк ал тосмо арыз жазып берген. Иш ноябрь айында Сузак райондук сотуна жиберилип, соттук отурум 2020-жылдын январь айына белгиленген.
19 жана 16 жаштагы кыз-жигит бакка асынган
Эки жаш өмүрдү алган окуя 25-май күнү Чүйдүн Сокулук районунда катталган. Анда Сокулук РИИБинин нөөмөттөгү кызматына эки адамдын жансыз денеси бакка асынган абалда табылгандыгы тууралуу чалуу түшкөн. Айтылган дарекке барган ыкчам топ каза болгондун бири 19 жаштагы жигит, экинчиси 16 жаштагы кыз экени аныкталган. Каза болгон кыз-жигит Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун тургундары болушкан. Териштирүү иштеринде бакка асынып каза болгон 16 жаштагы кыз Бишкекке дарылануу үчүн окуусунан 3 күнгө суранып келген. Каза болгон кыз мектепте 10-класстын окуучусу болгон. Ал жети бир тууган, апасы эч жерде иштебейт, атасы каза болуп калган.
Эне бала дачадагы үйүндө бычакталган
19-июнь күнү Чүй облусунун Кара-Балта шаарында апасы менен уулун белгисиз бет кап кийген жарандар бычактап кеткен. Милицияга кабарды баланын сүйлөшкөн кызы кабарлаган. Жерине милиция кызматкерлери келип, алар 53 жана 31 жаштагы эне бала экенин аныкташкан. Каза болгон аял ошол күнү жумуштан саат 16:40та чыгып, дачадагы үйүнө унаасы менен кеткен. Бул окуяга каза болгон баланын сүйлөшкөн кызы күбө болуп, окуяны мындайча баяндаган. "Жигитим экөөбүз Бишкектен Кара-Балтага чыкканда апабызга байланышканбыз. Ал үйдө бизди күтүп жатканын айткан. Үйгө жетип калганда кайра телефон чалсак, "артка кайткыла, келбегиле" деп телефонду өчүрүп салды. Жеткенибизде мурдагыдай дарбазаны ачып тосуп чыккан жок. Жигитим унаадан биринчи, мен экинчи түштүм. Ал үйдү көздөй бир аз басары менен эле мени карап унаанын ачкычын ыргытып, "чурка, милицияга чал" деди. Мен унааны айдап чыктым. Нес болгон бойдон Кара-Балтага чейин келип калыптырмын. Бирок жолдо милицияга чалганым эсимде. Шаарга келип эле тааныштарга байланышып, кайра 20 мүнөттөн кийин үйгө барсак, экөө тең каза болуп калыптыр", - деген ал. Учурда бул окуя боюнча шектүү адамдар кармала элек.
Бишкектин борборунда тил үйрөтүүчү мектептин директору сабалып каза болду
2-июлда Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун алдында сабалган чет элдик жарандын видеосу тараган. Окуя саат 16:30 чамасында болуп, анда мекендешибиз чет элдик жаранды сабап салган. Чет элдик жаран алган жаракатынан улам комага түшкөн. Териштирүү иштеринде сабалган жаран Бишкектеги тил үйрөтүүчү мектептердин биринин директору, 1985-жылы туулган Али Тижжан Абубукар экени аныкталган. Ал комада эсине келбей жатып, 5-июль күнү каза болгон. Ал эми бул ишке шектүү катары 1997-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну кармалган. Свердлов райондук соту соттолуучуну күнөөлүү деп таап, 7 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.
Жалал-Абадда 11 жаштагы инисин 14 жаштагы эжеси бычактаган
Жалал-Абад облусунун Cузак районунда 11 жаштагы өспүрүм өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Тергөөдө шектүү катары маркумдун өлүмүнө анын 14 жаштагы эжеси кармалган. Ал эми окуя болгон күнү үйдө балдардын ата-энеси жок болгон. Алгач 14 жаштагы кыздан милиция кызматкерлери педагог жана психологдун жардамы менен суракка алышканда кыз окуяны мындайча айтып берген. "Иним экөөбүз дарбыз талашып урушуп кеттик. Инимди үйдүн чоң бөлмөсүндө үстөлгө отургузуп скотч менен колу, бутун байладым. Ошол учурда иним менин намысыма тийген сөздөрдү сүйлөдү. Жиним менен текчеде турган атамдын мал сойгондо колдонгон бычагын алып, инимди бычактап салдым. Эмне кылып жатканымды билген жокмун. Бирок кантип, канча жолу бычактап салганым эсимде жок. Эч ким билбей калсын деп бычакты, булганган футболка менен кийимдеримди үйдөгү дааратканага ыргытып жибердим", - деп айтып берген ал. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөөдө кыз 14 жашка чыга элек болгондугуна байланыштуу, жазык иши өндүрүштөн кыскартылган.
Бишкектин Жал кичи районундагы үрөй учурган мушташ
28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкекте Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Анда эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Мушташтын видеосу интернетке тарап коомчулук катуу талкууга алган. Анда эки жигитти эки жаран эс учун жоготкончо сабап, эси ооп жатканына карабай башына тепкилеп сабаган. Окуя боюнча шектүүлөр аныкталып, милиция Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековго издөө салган. Бирок аларды кармоо көпкө созулуп, акыры алар түн ичинде милицияга өздөрү келишкен. Ошол эле убакта эки бир тууган шектүүлөрдүн агасы милиция кызматында иштей турганы айтылып маалыматты ИИМ тастыктаган. Бир туугандар милицияга өздөрү келип колго түшкөндөн кийин алар СИЗО-1ге камакка алынышкан. Андан кийин инилерин кылмыш жоопкерчилигин калкалаган деген жүйөө менен Чүй ОИИББинин кызматкери Казыбек Бапышов камакка алынган. Азыркы учурда бир тууган Жаныбек Бапышов жана Калысбек Сейитбековдун камактагы мөөнөтү 31-декабрга чейин ал эми алардын агасы Казыбек Бапышов 2020-жылдын 6-январына чейин узартылган. Ал эми сабалган жарандар ооруканадан чыгарылып, учурда үйлөрүндө дарыланып жатышат.
Өзгөн районунда 71 жаштагы сыныкчы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында 71 жаштагы сыныкчы аялдын жансыз денеси өз үйүнүн короосунан табылган. Окуя 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү болгон. Анда каза болгон аялдын 12 жашар небереси үй өрттөнүп жатканын айтып, кошуналарына жардам сурап барган. Алар келип короодо бычакталып жаткан 71 жаштагы сыныкчыны көрүшкөн. Ошондой эле маркумдун үйүнүн 30 пайызы күйүп кеткен. Териштирүүдө маркум көп жылдан бери үйүндө небереси менен жашап келгени белгилүү болгон. 12 жашар небере суракта ошол түнү "дагы келдиңби?" деген эле сөздү укканын андан соң уктап калганын айткан. Учурда милиция кызматкерлери төрт версия менен шектүүнү кармоо иштери жүрүп жатканын айтышты.
Кеминде 14 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган адам каршылык көрсөткөнү үчүн өлтүргөн
22-сентябрдын таңында Чүйдүн Кемин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 57 жаштагы аял 14 жаштагы кызы дайынсыз жоголуп жатканын айтып кайрылган. Ыкчам топ издөө иштерин жүргүзүп, анын жыйынтыгында Кемин шаарындагы ээн калган үйлөрдүн биринен өспүрүм кыздын жансыз денесин табышкан. Көп өтпөй кылмышка шектүү катары 20 жаштагы эркек адам кармалган. Ал мурда да бир нече жолу соттолгон Кашкелең айылынын тургуну болгон. Шектүү мас абалда келе жатып, жолдон өспүрүм кызды көрүп калган. Аны зордуктоо максатында күч менен ээн калган имаратка алып барган. Кыз каршылык көрсөткөндө сабап, өлтүрүп салганын тергөөдө айтып берген. Учурда бул иш Кемин райондук сотунда каралып жатат.
Акча ташыган курьелер биринин артынан бири өлтүрүлүп
Бишкекте 4-октябрь күнү Мадина кафесинин ээси делинген ишкер 37 жаштагы Хуфур Абдурахеман дайынсыз жоголду. Анын жансыз денеси 14 күндөн кийин Кочкор районунан табылган. Анда ишкерди белгисиз жарандар уурдап барып, өлтүрүп андан соң көмүп коюшкан. Көп узабай бул ишке шектүү катары 8 адам кармалган. Алардын арасында мурдагы милиция кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жаран бар болгон. Азыркы учурда тергөө иши уланып, шектүүлөр СИЗО-1ге киргизилген. Бул кылмышка улай эле "Манас" аэропортунан унаанын багажынан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маалыматка ылайык, 23-октябрда Комсомол айылынын тургуну ички иштер органдарына бир тууган байкеси 22-октябрь күнү саат 21:20 чамасында аэропортту көздөй чыгып, ошол бойдон кайтып келбегенин айтып арыз жазган. Ыкчам иликтөө тобу издөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында 23-октябрь күнү саат 20:00 чамасында унаанын багажынан изделип жаткан адамдын жансыз денесин табышкан. Денеге алдын ала кароо жүргүзгөндө маркум күч колдонулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Анын аты-жөнү аныкталып, 39 жаштагы Хусан Каримов аттуу таксист экени аныкталган. Шектүү катары эки жаран кармалып, бир жаранга издөө салынган. Алардын баары мурда сот жоопкерчилигине тартылган жарандар болгону аныкталган. Учурда тергөө жүрүүдө.