Бишкектеги Орозбеков жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Эски толчок" базарында курулуш шаймандарын саткан дүкөндөн өрт чыкты.
ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиргендей, нөөмөт бөлүмгө өрт тууралуу маалымат саат 16:50дө түшкөн.
"Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 2 бөлүм жана кошумча штат тартылган. Саат 17:56да өрт чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери улантылып жатат. Кошумча маалымат берилет", - деди маалымат катчы Абдуманап Дыйканов.