Бүгүн, 23-декабрда Кыргыз футбол федерациясынын сыйлык тапшыруу аземи өттү. Футбол федерациясынын президенти Канат Маматов мыктылар татыктуу сыйлык алганын айтты.
"2019-жыл кыргыз футболу үчүн чоң жаңылыктар менен коштолду. Азия Кубогундагы оюндар, тандап алуу турундагы беттештер. Бүгүн мыктылар өз сыйлыктарын алышты. 2020-жылы улуттук курама команда үчүн жоопкерчиликтүү беттештер күтүп турат. Мьянма, Монголия жана Япония менен татыктуу беттештерди өткөрүшүбүз керек", - дейт ал.
Аземден кызыктуу көз ирмемдер тартылган кенен фоторепортажды ушул шилтемеден көрө аласыз.