Ошто 4-кабаттан баласы менен кошо боюн таштаган келин 11 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда Ош шаардык соту соттолуучу Ч.А.ны күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыраткан. Иш боюнча соттук-психиатриялык экспертизанын 2018-жылдын 23-ноябрындагы корутундусуна ылайык, соттолуучу кылмыш жасоо учурунда аффект абалында болбогондугун жана кыймыл-аракетин башкара алгандыгын, кылмышты мас абалында жасагандыгы аныкталган.
Жогорудагы өкүмгө макул болбогон соттолуучунун жактоочусу аппеляциялык тартипте даттанып, ушул жылдын 4-декабрь күнү Ош облустук сотунун жазык иштер жана административдик укук бузуу иштери боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен соттолуучу Ч.А. 11 жылга эркиндигинен ажыратылды. Ал жазасын аялдардын түзөтүү абагында өтөмөкчү.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
2018-жылдын 6-сентябрында 40 жаштагы келин Черёмушки кичи районунда жайгашкан төрт кабаттуу жатаканадан колундагы баласы менен кошо боюн таштап, ооруканага жеткирилген. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ал Кара-Балта шаарынан күйөөсү менен таарынышып төркүнүнө барган. Айрым күбөлөрдүн айтымында, күйөөсү менен пикир келишпестиктен улам келин спирт ичимдиктерин көп ичип жүргөндүгүн, окуя болгон күнү да спирт ичимдиктерди ичкени белгилүү болгон.
Колундагы 7 айлык баласы менен кошо секирген келинге Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-берене (адам өлтүрүүгө аракет кылган) менен кылмыш иши козголгон. Кийин анын жолдошу да суракка алынып, ал аялы экөөнүн ортосунда эч кандай чыр-чатак болбогонун айткан.