Ош облусунун Ноокат районунда шахтаны суу каптап, эркек киши калып калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кулатов айыл аймагынын Баглан айылына жакын жерде жайгашкан шахтаны суу каптап, шахтанын ичинде 23 жаштагы эркек киши калып калган деген маалымат түшкөн.
Шахтадагы сууну сордуруп, издөө иштерин жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу тартылып, иштер уланууда.