"Зордукталган эмес". Аксыда 5 жашар кызга ыдык көрсөткөн деген окуя боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 5 жашар кыздын зордукталганы тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан бул малымат такталбаганын кабарлашты.

"Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, жашы жете элек кызга карата зордуктоо болбогондугу аныкталды. Учурда 5 жаштагы кыз өз үйүндө ата-энесинин көзөмөлүндө", - деп билдирет маалымат кызматынан.

Окуя 20-декабрда Кум айылында орун алган. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы Мазар айылынын 1980-жылы туулган А.Ш.К. аттуу тургуну 5 жаштагы кызга ата-энесинин жоктугунан пайдаланып, ыплас иш-аракеттерди жасаганга аракет кылган деп билдирген. Сексуалдык мүнөздөгү иш-аракет жасаган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
taalay25
2019-12-24 13:22:11
Ушундай да опасный азыр адамдар
-1
Dembele84
2019-12-24 15:30:42
Азыр оч алыш учун деле же болбосо жон эле эркелетип жатса деле зордуктайын деди дегендер кобойуп кетти.
0
katerina.li
2019-12-24 21:27:43
Бироонун баласынын жанына барып башын да сылабаш керек. Заман озгорду,эл озгорду. К сожалению в плохую сторону
-1
Kantana
2019-12-25 10:35:50
Кыздын Ата Енеси акча сындырайын дегенго окшошпой калыптыр
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан