"Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" экен дегени бар кезектеги каармандарыбыз. Алар үй-бүлөлүк пайдубалы ураган шоу-бизнес өкүлдөрү. Узап бараткан жылда көптөгөн табышуулар болуп, тапичкелер көбөйдү. Бирок эки ажырым жолго түшүп, бактысын издеген белгилүүлөр дагы жок эмес. Бул ирет ажырашуунун курмандыгы болгондорду тизмектеп көрдүк.
"Экөөбүздүн оюбуз, түшүнүгүбүз, жашоого болгон көз карашыбыз эки башка экен. Ал убакыттын өтүшү менен билинди" деген ажырашканын ачыктаган телеалпаруучу Максат Довранов. Бул мырза ырчы Сайкал Садыбакасова менен 2017-жылы 14-ноябрда баш кошушкан. Түгөйлөрдүн түбөлүгү бир болбой, 2019-жылы ажырашып кеткенин ачыкташкан.
Куудул Кабыл Бөрүбаевдин кызы Кызсайкал Кабылова 17 жашында Эрнис Айдаралиев аттуу жигитке турмушка чыккан. Түгөйлөр 2017-жылы баш кошушкан. 2018-жылы кыздуу болушкандан кийин, ажырашты деген кептер айтылган. Ырчы айым талкуу болгон кептерге жооп кылып, жолдошу менен таарынышып жүргөнүн "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде ачыктаган.
2019-жылы Кызсайкал Кабылова жолдошу менен ажырашканын ачыктап, мындай деген: "Жолдошум экөөбүздүн ажырашканыбызга бир жыл болду. Бир жыл бою жарашабыз, ажырашабыз деп жүрүп, акыры мамилебизге чекит койдук", - деген ал.
Өзүн "кыргыздын деми" атаган ырчы Гүлзат Мамытбек америкалык режиссёр Хуан Буэндиага турмушка чыккан. 2018-жылдын соңунда баш кошкон жубайлар ишкер Аскар Салымбековду өкүл ата кылып шайлаган. Быйыл ырчы айым Хуан Буэндиа Эквадорго кеткенин айткан. Андан кийин жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине экинчи жолдошу балдарына жакшы көңүл бурбагандыктан, ажырашып кеткенин билдирген.