Новосибирск облусунда Кыргыз жарандары катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Жол кырсыгы 21-декабрда катталган. 50 жаштагы Daewoo Nexia унаасын башкарган айдоочу Toyota Town Ace унаасы менен кагышкан. Мунун кесепетинен Daewoo унаасынын 31 жаштагы жүргүнчүсү каза болгон. Ушул эле унаанын дагы бир жүргүнчүсү жана Toyota унаасынын жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген.
Алдын-ала маалыматтар боюнча Daewoo Nexia унаасындагы 3 жүргүнчү Кыргыз жарандары болушкан. Окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.