Чүйдүн Кант шаарында жеңил унаа көпүрөдөн кулап кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күбө билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 25-декабрь күнү болгон.
Күбөнүн айтымында, кырсыктан жабыркагандар бар. Аларды "Тез жардам" кызматы алып кеткен.
Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатканын кошумчалайт.