Добрдын эл аралык мелдештерде жеңүүчү болгон кыргыз спортчулары тууралуу тартылган клиби "Супер хитке" кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун рэп аткаруучу Добрдын "Эр жигиттер" клиби толуктады.

"Бул чыгарма "Стимул" долбоору үчүн жазылган. Клипке 18 жашка чейинки кыргыз спортчулары тартылган. Алар эл аралык мелдештерде чемпион болгондор", - дейт ал.

18-ДЕКАБРДАН 25-ДЕКАБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Айдин Шердин "Отуздан ашып барамын" видеокомпозициясы эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Азат Раимбердиевдин "Карагым" чыгармасы ээледи.

8-орунга - Курал Чокоев менен Шерхан Абкуловдун "Кыздар, ай" чыгармасы жайгашты.

7-орун - Мурат Ниматовдун "Келинчегим бол" клибине буюрду.

6-орунду - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Жөнөкөй жигит" видеоклиби камсыздады.

5-орунду - Эрлан Андашевдин "Өкүнбө" чыгармасы багындырды.

4-орунду - Кубаныч Баркалбасовдун "Айдайым" видеоклиби ээледи.

3-орун - Нурмат Садыровдун "Кайда кеттиң?" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орунга - Төлөгөн Мамыровдун "Жубайыма" клиби жайгашты.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Султан Садыралиевдин "Ыраазымын сага" клиби эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан