Ошто кайненесинин чекесине, санына жана колдоруна бычак сайган күйөө бала 9 жылга эркинен ажыратылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда кайненесинин чекесине, санына жана колдоруна бычак сайган күйөө бала 9 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чечимди Кара-Суу райондук соту 30-апрелде чыгарган. Анда соттолуучу Р.И. Жазык кодексинин 130-беренеси "киши өлтүрүүгө аракеттенүү" менен күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркинен ажыратылды. Кара-Суу райондук сотунун өкүмүнө тараптар тарабынан даттануулар болгон эмес жана бүгүнкү күндө мыйзам күчүндө.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 3-январь күнү Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу Кара-Суу районунун тургуну денесинен бир нече жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө 44 жаштагы аялдын үйүнө күйөө баласы келип, эч себепсиз анын чекесине, колдоруна жана санына өзү ала келген бычак менен бир нече жолу сайган. Анын кесепетинен аял денесинен оор жаракат алып, ооруканага түшкөн. Бул кылмышка шектелип Кара-Суу районунун 21 жаштагы тургуну кармалган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sajakat14
2019-12-26 04:10:47
9 жыл абжан аз. Кишини өлтүрөйұн деген ой менен ошол ишке барды да.
0
Paol
2019-12-26 15:29:38
Каап десе 9 жыл өтө эле көп эмеспи(бизде адам өлтүргөн 9 жылга кесилип жатса билбейм анда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан