Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы тоннелден катуу ылдамдыкта келе жаткан оор жүк ташуучу унаа жолдун каршы тилкесине чыгып, авариялык абал жараткан видео интернетке тарады. Окуя 24-декабрь күнү саат 10:00 чамасында болгонун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Окуя Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы тоннелде болгон. Анда 41 жаштагы айдоочу өзүнүн башкаруусундагы Волва FH500 үлгүсүндөгү жүк ташыган унаасы менен тоннелдин ичинен жолдун каршы тилкесине чыккан. Ошондой эле алдыда келе жаткан унааны ашып өтүп, каршы тилкеде келе жаткан унааларга авариялык абал жаратып, андан ары жолун улаган. Көрсөтүлгөн факт боюнча айдоочунун аты-жөнү такталып, ага эки берененин негизинде бузуу протоколу толтурулду", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Айдоочу өз сөзүндө "Оштон чыгып, Кара-Көлгө жеткенде шашылып калдым. Мен унааларды ашып өттүм. Алар токтоп калган, мен кетип калдым", - деген.