Ош облусунун Өзгөн районунда чоң энесин бычак менен сайып, качып кеткен деп шектелип жаткан 22 жаштагы небереге издөө салынды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү Жаныбек уулу Эрмек. Ал 12-декабрь күнү Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жашаган чоң энесин эч себепсиз бычак менен көкүрөк тарабына бир жолу сайып жиберип, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Сүрөттөгү жарандын жашырынып жүргөн жерин көргөн-билгендер болсо, жакынкы милиция бөлүмүнө кабарлоону Ош ОИИБи суранат.