Касташып жүргөн жарандардын бири-бирине карата ок аткан окуясы. Жабырлануучулардын бири ооруканадан үйүнө чыкты

Бишкектин Курулушчулар шаарчасында орун алган ок атышуудан жабыркагандардын бири ооруканадан үйүнө чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.

"Ок тийген эки бейтапка операция жасалган. Алардын абалы канааттандырарлык. Ал эми бутунун кызыл ашыгы сынган, үчүнчү жабырлануучу үйүнө чыккан", - деди маалымат кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

9-декабрда Бишкектин Чапаев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар тарабынан ок атышуу орун алганы маалымдалган. Анын кесепетинен 3 адам жаракат алып, алардын бири оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул окуя боюнча ИИМ ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө 24 жаштагы Т. уулу И. жана М.Н. аттуу жарандар шектүү катары кармалганын билдирген. Кармалгандардын жанынан Макаров тапанчасы алынган. Шектүүлөр менен жабырлануучулардын баары Токтогул районунун тургундары экендиги аныкталып, алар 1 жарым жылдан бери бири-бири менен касташып келгендиги маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан