Ошто Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттигинин жетекчисин атып кетти. Маалыматты Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Кырсык кечээ, 25-декабрда Озгур айылынын Кулматов көчөсүндөгү №83 үйдө орун алган.
"Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө "Тез жардам" кызматы тарабынан саат 20:20да 35 жаштагы Сапар Бакыевдин жансыз денеси ооруканага алынып келгендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Маркумдун денесин кароо учурунда башынын арка тарабына ок тийип, мурун тарабынан чыгып кеткен изи аныкталган. Каза болгон жарандын жашаган үйүн кароо учурунда сарайдын алдында уюган кандын жана андан төрт метр алыс жерде белгисиз октун гильзасы табылган.
Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "адам өлтүрүү" беренеси менен катталып, ар тараптуу иликтөө иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп билдирет маалымат кызматынан.
Маркум Сапар Бакыев 1984-жылы туулган. Үй бүлөлүү, эки уулдун атасы.