Өзүн “УКМКнын кызматкеримин” деп тааныштырып, алдамчылык кылып жүргөн жаран кармалды. Ал оңой акча табуу максатында алдамчылык кылганын моюнуна алып, 2 айга камакка алынганын Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
4-декабрь күнү Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын 27 жаштагы тургуну укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Арызда Руслан Төлөнов аттуу жаран 2019-жылдын 15-июлунан 12-октябрына чейинки аралыкта алдамчылык жолу менен 180 000 сом акча алып, ар кандай шылтоолорду айтып, качып жүрүп, акырында изин жашырып кеткендиги айтылган.
12-декабрь күнү Кадамжай шаарынын 54 жаштагы тургуну алдамчынын курмандыгы болуп 24 миң сомдук чыгымга учураганын айтып кайрылган. Анын айтымында, 2019-жылдын 6-сентябрь күнү белгисиз жаран өзүн “УКМКнын кызматкеримин, атым Руслан” деп тааныштырып, 24 миң сомго унаа тетиктерин алып, бүгүнкү күнгө чейин кайтарып бербей жүргөнүн айткан.
11-декабрь күнү Айдаркен шаарынын 43 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 10 миң сомун алып, кайра кайтарып бербей жүргөн жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анда “УКМКдан болом, Руслан Жээнбековмун” деп тааныштырган жаран арыздануучудан жериңдин документин бүтүрүп берем деп 10 миң сом акчасын алып, ушул күнгө чейин акчасын кайтарып бербей качып жүргөндүгү маалымдалган.
12-декабрь күнү Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын 52 жаштагы тургуну милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылган. Арыздануучу ушул жылдын сентябрь айында Кадамжай районунун Бел айылындагы дүкөнүнө бейтааныш жаран келип, өзүн “УКМКда иштейм, атым Руслан” деп тааныштырып, жалпы суммасы 15 миң сомдук кийим-кечелерди насыяга алып, акчасын ушул күнгө чейин кайтарып бербей качып жүргөнүн айткан.
12-декабрь күнү Кадамжай шаарынын 51 жаштагы тургуну жалпы суммасы 26 миң 340 сомго азык-түлүк алган жарандын үстүнөн арыз жазган. Анда август айында Кадамжай шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү дүкөнгө бейтааныш жаран келип, өзүн “УКМКнын кызматкеримин атым Руслан, апам каза болуп калды, куран окутам” деп ишеничине кирип, азык-түлүк алып кеткен. Карызга соода кылган жаран ушул күнгө чейин акчасын бербей изин жашырып качып жүргөндүктөн чара колдонууну өтүнгөн.
12-декабрь күнү Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын 51 жаштагы тургуну "УКМКнын жетекчисинин орун басарымын, атым Руслан" деген жаранга карата тиешелүү чара көрүүнү суранган. Арыздануучуга ноябрь айынын башында бейтааныш болгон жаран өзүн коопсуздук кызматта иштей турганын айтып, "апам каза болуп калды акча керек” деп ишеничине кирип, 30 миң сом акча алган. Ал ушул күнгө чейин акчаны кайтарып бербей жүрөт.
"Жогорудагы 6 факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берененин 1-бөлүгү (Алдамчылык. Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен олуттуу өлчөмдөгү бөтөн мүлктү ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Мындан сырткары, Кызыл-Кыя шаарында дагы алдамчылык боюнча 3 факт, тагыраагы, 195 миң сомдук Мерседец-Бенц автоунаасын, жалпы баасы 17 миң сомду түзгөн 2 баш кочкор жана базардан 11 миң сомдук кийим-кечени алдоо жолу менен алып кеткендиги аныкталды.
Жогорудагы кылмыштардын бетин ачуу максатында Кадамжай РИИБнин кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырган жаран кармалды. Ал алгачкы көрсөтмөсүндө 1985-жылы туулган Абдужапаров Алмаз Төлөгөнович, Чоң-Алайдын тургуну болорун айткан. Ал жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгын толугу менен моюнуна алып, жеңил акча табуу максатында өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, алдамчылык кылганын билдирген.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жерге-Тал айылынын тургуну 37 жаштагы Нурланбек Момбеков экендиги аныкталды. Кармалган жаран буга чейин кылмыш жасап, эркиндигинен ажыратуу жайларынан качкандыгы үчүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан издөөдө жүргөндүгү аныкталды. Учурда Нурланбек Момбеков Кадамжай райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 2 айга камакка алынды", - деп жазылат маалыматта.