Аялдар абагында 25 жылга соттолгон аялдын өкүмү дагы деле күчүнө кире элек. Ал 2008-жылдан бери абакта жазасын өтөп жатат

Аялдар абагында 25 жылга соттолгон аялдын өкүмү дагы деле күчүнө кире элек. Ал 2008-жылдан бери абакта жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыйкатчыга №2 аялдардын түзөтүү абагынан жаза мөөнөтүн өтөп жаткан аял арыз менен кайрылган. Арызда ал 2019-жылдын башында Токмок шаардык сотуна 1-январдан тартып күчүнө кирген жазык мыйзамынын негизинде, анын жазык ишин кайра карап берүү боюнча кайрылган. Бирок анын жазган арызы 11 айдан бери Токмок шаардык сотунда каралган эместиги жазылган. Мындан улам Акыйкатчы аппараты Токмок шаардык сотуна жана Чүй облустук сотуна арызда көрсөтүлгөн фактыларды текшерүүгө тапшырма берген. Анда алар соттолгон аялдын арызы Токмок шаардык сотуна 2019-жылдын 16-январында келип түшкөнүн аныктап, бирок аялдын жазык ишин кайра кароо арызы карала электигин билдирген.

"Токмок шаардык соту 2008-жылдын 14-июнунда Э.К. аттуу аялды күнөөлүү деп таап, 25 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми Чүй облустук соту 2008-жылдын 9-сентябрында бул чыккан чечимди жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жаза өтөп жаткан аялдын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин аныктаган эч кандай соттун чечими болгон эмес. Соттолуучу бир нече ирет жазык ишин издөө боюнча кайрылганда, Токмок шаардык прокуратурасы аталган жазык иши Чүй облустук прокуратурасынын архивинде деп жооп берген. Андан кийин Токмок шаардык сотуна жөнөтүлгөн деп билдирген. Бул маалыматты кайра ал тактаганда, Чүй облустук прокуратурасында бул иш жок экендиги айтылган.

Бул ишти акыйкатчы өз көзөмөлүнө алды. Соттолуучу аялдын жоголгон кылмыш ишин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алууга тийиштүү жерлерге кайрылды. Ошондой эле укук бузууга жол берген прокуратура кызматкерлерине кайдыгер мамиле жасаган судьялардын ишине иликтөө жүргүзүүгө тапшырма берди. Соттолгон аял 2008-жылдын 24-июнунан бери жана берилген мунапыстарды кошкондо жаза өтөгөн мөөнөтү 22 жылдан ашкан. Акыйкатчы Токон Мамытов аялдын анын баш коргоо чарасы тезинен өзгөртүлүүгө тийиштигин билдирет", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altyn10076
2020-02-01 10:12:03
Дагы бир кылмышкер чыкты абактан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан