Кыргызстандын Кубогуна арналган футбол боюнча республикалык мелдештин алгачкы оюндарында “Дордой” (Бишкек) жана “Алай” (Ош) командалары жеңишке ээ болушту. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык “Алга” командасы “Алай” командасына 1:2 эсебинде утулган. Ушундай эле эсеп менен “Абдыш-Ата” командасы “Дордой” командасына жеңилди. Кезектеги оюндар 24-августта Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.