Бишкекте сабалып каза болгон нигериялык жарандын өлүмүнө айыпталган жаран 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды

Бишкекте сабалып каза болгон нигериялык жаран Али Тижжани Абубакардын өлүмү боюнча сот чечим чыгарды. Чечимди 11-декабрда Свердлов райондук соту чыгарган. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул окуяга шектүү катары кармалган 22 жаштагы К.Э. күнөөлүү деп табылып, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Окуянын чоо-жайы:

2-июлда социалдык тармактарда Бишкектин ортосунда жайгашкан "Айчүрөк" соода борборунун аймагында сабалган чет элдик жарандын видеосу тараган. Сабалган жаран Бишкектеги чет тил үйрөтүүчү мектептердин биринин директору, 1985-жылы туулган Али Тижжани Абубакар экени айтылган.

Бул окуядан улам өкмөт башчы чуулуу окуяга күнөөлүүнү тез арада кармоого ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, мыйзам жоопкерчилигине тартуу керек экенин белгилеген. Ал эми Нигерия жаранынын ден соолугун өзгөчө көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүүнү Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырган. Бул кылмышка шектелип, 22 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну кармалган.

Ал эми Нигериялык жаран комада эсине келбей жатып каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Shabi
2019-12-27 15:59:28
7элеби 4 5 жылдан кийин эле чыгат экен да.сотко чейинки турмодо олтурган,Бир куну 2же 3кундон эсептелсе бул уже 2жылынан кутулду да.
0
JaneEr
2019-12-27 16:10:09
Аз го.Адам олтуруп тез эле чыкса маньяк болуп кайра.
0
didu
2020-01-04 08:35:28
Тоок урдагандан Адам олтургон женилиреек болобу ошондо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан