ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2019: Элдин назарын буруу үчүн хайп жараткан жана чырдашкан шоу-бизнес өкүлдөрү

Узап бара жаткан жылда шоу чөйрөнүн өкүлдөрү элдин эсинде ар кандай окуялары менен калды. Айрымдары эски жараны тырмап, өткөн окуяларын чукуса, айрымдары өздөрүнө көбүрөөк көңүл бурдуруунун үстүндө иштеди. Бул жылы ким эмнеси менен коомдун талкуусунда калганын эске салабыз.

ХАЙПТАР

Хайп жараткандардын бири Жанин Ахунжанова болду. Ал "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева менин үнүм жакшы болгондуктан ырдатпай койгон" деген билдирүүсүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

"Кыргыз сахнасында жүргөнүмө 25 жыл болду. Айчүрөк Иманалиеванын эстрада жаатында 4 жыл иштедим, үйүндө жашадым. Эже ырдайынчы деп жалдырачумун. Ал жылмайып гана башын чайкап койчу, ырдатчу эмес. Үнүм жакшы болгондуктан, өзүнөн ашып кетпесин деген окшойт. Деги эле Айчүрөктүн үйүнөн укмуш азап көргөм", - дегени бар.

Мындай билдирүүлөрдөн кийин Айчүрөк Иманалиева актайынан жарылып, "Супер-Инфо" гезитине маек берген. "Жанин "апам чачымдан сүйрөдү, мен көчөдө калдым" деп келгенде үйүмө киргизгем. Каралап чыкканда "жарандык сотко беребиз" десек "атылып өлөм, силер күнөөлүү болосуңар" деп бизди манипуляция кылып жатат. Мындай жорук адамдын психикалык туруксуздугунан кабар берет болушу керек. Бул адамдын каралаганы чектен ашып жатат, мен ага доктурга көрүнүп, ден соолугуңду чыңда, нервиңди тынчтандыр деген кеңеш бергим келет. Калганын мыйзам чегинде чечишебиз", - деген Иманалиева.

Ырчы, алып баруучу Анжелика ноябрь айында жүрөгү бош эмес экенин айтып, ал мырза бир жылдан бери көз салып жүргөнүн коомчулукка билдирген. Ал мырза ырчыны нес абалда калтырып, колун сураганын дагы айткан. Көп өтпөй коомдо ырчынын сүйүктүүсү баланча, түкүнчө деген ар кандай божомолдор айтылып, кептер тараган. Мындай кептерге чекит коюу максатында Анжелика айым жүрөгүн багындырган мырза менен жүргөн сүрөттөрүн, видеолорун социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Бирок интернет колдонуучулар "Анжеликанын кезектеги хайпы" деп сындаган пикирлерин калтырган.

Жылдын дагы хайп жаратуучуларынын бири "Чыпалак батыр" каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов болуп калды. Ал "Чыпалак баатыр дүйнөнү кармайт дешет..." деген ыр саптары бар ырын аткарып чыгып, чыгармачылыкка кадам таштаганын жар салган. Андан кийин Чыпалак баатыр келерки парламенттик шайлоого аттанып, элдин көйгөйүн чечүүгө камданып жатканын билдирген. Күйөрмандарына капа болгон Чыпалак баатыр 2020-жылдын 1-январынан баштап шоу чөйрөдөн, саясаттан кетерин айтты. "Мындан ары эл алдына чыкпай, дыйканчылык кылам же чет өлкөгө кетем", - дейт ал.

Ырчы Дайыр Исмадияров социалдык тармактагы баракчасына Гүлназ Чыныбек кызы менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялап, талкууга жем таштап турат. Алардын айрым сүрөттөрүнө дос-тааныштары "бактылуу болгула" деген билдирүүлөрүн калтырган дагы учурлар болгон. Мындан улам интернет колдонуучулар "Дайыр Исмадияров хайпты жакшы көрөт. Бул анын кезектеги хайпы" дегендер болгон.

Ал эми ырчы SUPER.KG порталына: “Гүлназ менен дуэт аткарганыбызга байланыштуу тойлорго чогуу чакырып калышат. Ошондон улам элде кыз-жигит деген ой жаралган окшойт. Экөөбүз ага-карындаш катары мамилебиз жакшы”, - деп билдирген.


БИР НЕЧЕ СЕРИЯДАН ТУРГАН ЧЫРЛАР

Легендарлуу "Кыз-Бурак" тобунун мурдагы солисттери, учурдагы жеке ырчылар Айжамал Кабылова менен Кенже Дүйшееванын ортосундагы чыр көптүн назарын бурган. Ырчылардын чырына Айжамал Кабылова интернеттеги каналдардын бирине маек берип, анда Кенже Дүйшеева тууралуу кеп козгогону себеп болгон. Маекте Айжамал Кабылова Дүйшеева менен эмнеге мамилесин үзүп койгону тууралуу айтып берген.

"Бүгүнкү күндө мамилебиз жок. Себеби кээде коюнуңдан чыккан душмандардын кылган нерселери ушунчалык оор болот экен. Ал адамды өз бир тууганымдай көрчүмүн, себеби биз бир үйдө чоңойдук, бир нанды бөлүшүп жеп, бир кеседен тамак ичип чоңойдук. Биз ушинтип бир канча жылдардан кийин бири-бирибизге душман болуп калабыз деп эч качан ойлобоптурмун. Бүгүнкү күндө мен ал адамды душманым да, досум да, эжем да дебейм. Бул нерсенин себеби көп: бул жерде менин үй-бүлөмө киришкен учурлары, ич күйдүүлүк, көралбастык болду. Мен ушинтип айтам", - деген ал.

Мындан кийин Кенже Дүйшеева Инстаграм баракчасына Кабылованын чыгармачылыгына байланыштуу 4 бөлүмдөн турган эскерүү постторун жазган. Анда Дүйшеева Айжамал Кабыловага кандай колдоо көрсөткөнүн, телеканалдарга интервью берерде суроолорун алып, жоопторунан бери жазып берип таң аткыча аларды жаттаткан күндөрүн жазган. Эки айымдын чыры улуулардын кийлигишүүсү менен токтогон.

Кезектеги талкууга алынган чырдын бири - өзүн "кыргыз элинин деми" атаган ырчы Гүлзат Мамытбек менен мурунку жолдошу Талант Курманкуловдун ажырашуусу болду.

"Балдарымды, үйдү өзүмө алуу үчүн сотко кайрылгам. 5-февралда 1-сотубуз болду. Бирок балдарымдын атасы балдарды дагы, үйдү дагы бербей жатат", - деген ал.

Гүлзат Мамытбек балдарын жана үйүн өзүнө алуу максатында Сокулук райондук сотуна кайрылган. Бирок сот Талант Курманкуловдун пайдасына чечип берген.

ЧЫГАРМА ТАЛАШКАНДАР

"Кыз-Бурак" тобунун мурунку солисти, учурда жеке ырчы катары таанылган Азалия 2018-жылы жаздырган "Алыстадым" аталышындагы ырын учурда башка бирөө жаңы сөз жаздырып алып ырдап чыкканын айткан. Көп өтпөй, ал ырды ырдап чыккан Айзада Болотбекова аттуу ырчы редакциябызга келип, ырдын обонун жана аранжировкасын жазып берген Азамат Такырбашев байланышуудан баш тартып жатканын билдирген.

"Жаралган жагдайга Азалияны деле күнөөлөп жаткан жокмун. Ал деле ырды сатып алды да, мага окшоп убактысын коротту, чуркады дегендей... Мен дагы бул ырга аранжировкага 300 доллар, студияда үн жаздырууга 5000 сом жана сөзүнө 5000 сом, кыскасы майда-чүйдөсүнө деп эле бир топ каражат кетиргем. Мен бул ыр аркылуу шоу чөйрөгө дебют жасап, кадам таштагам. Азалия менин ырымды радиолордон жана каналдардан алдыр деп жатат. Мен ал ырды уурдап алган жокмун, акчасын берип сатып алдым", - деген Болотбекова.

Талашка түшкөн ырдын жаратуучусу Азамат Такырбашев катачылык кеткенин моюнга алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Arman7
2019-12-31 01:05:18
Ак койнокчон кыз койногуну чечип эле салчы ким болсон дагы.Кичине уяттуу болгулачы
+5
Mister-X
2019-12-31 02:59:17
Arman7,Салбандап ачык эле корунуп калыптыр го... Булар ата-эне, тууган уруктан уялбайбы?
+5
aiturgasha
2020-01-01 04:13:52
Чолпон Талипбек менен Амир дагы хайп болушту го
0
Taalajbekakkya
2020-01-01 07:48:22
Жалан гана жалаптар ырчы деп кантип оозунар барат
+1
katerina.li
2020-01-01 09:46:00
Айжамал аман эле болсун. Айгеримдин тойдон чачташканын жазбапсынар
0
AiperiO
2020-01-01 12:23:23
Нурзат токтосунова мн Айгерим Расул кызын жазбай коюпсунар
0
karona12
2020-01-03 11:05:38
Айчурок аман эле болсун,биртке унутулуп калса эле бироо менее урушуп чыга калат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан