Чүйдүн Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери уурулук боюнча шектүү жарандарды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-декабрь күнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 48 жаштагы Маевка айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызда анын үйүнө уурулар кирип, ноутбук жана зер буюмдарын уурдап кетишкени айтылган. Жабырлануучу болжол менен 50 миң сомго чыгым болгону айтылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө тобу шектүү катары 4 жаранды кармашкан. Алар уурулук боюнча башка дагы кылмыштарга тиешеси бар болгон. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүп жатканы айтылат маалыматта.