2019-жылы кыргыз маданият чөйрөсү орду толгус чоң жоготууларга учурады. Жыл жыйынтыгын чыгарууда аларга да токтолууну чечтик.
2-январда Кыргыз Эл артисти, опера ырчысы, педагог Эсенбүбү Нурманбетова узакка созулган оорудан улам 62 жашында көз жумган.
Ага удаа эле Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, балерина Асымкүл Баетова 76 жаш курагында дүйнө салган.
6-апрель Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жаркын Балыкбаева 77 жашында көпкө созулган бөйрөк оорусунан каза болгон.
Актриса "Апамдын махабаты", "Айыл өкмөтү", "Чиркин өмүр", "Белгисиз маршрут", "Боз салкын" жана башка тасмаларга тартылып, театрда бир топ образдарды жараткан.
29-апрелге караган түнү Кыргыз Эл артисти, театр жана кино актёру Сатыбалды Далбаев 85 жашында дүйнө салган.
Жайында кыргыз киносу дагы бир чоң жоготууга учураган. Кыргыз Республикасынын Эл артисти актёр, кинооператор Нуртай Борбиев 8-июнда 82 жаш курагында дүйнө салган. Ал "Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү жаңырыгы", "Маңкурт" жана башка тасмаларга операторлук кылып, "Көчө", "Саманчынын жолу" тасмаларында роль ойногон.
Андан көп өтпөй Кыргыз Эл сүрөтчүсү, профессор Догдурбек Нургазиев дүйнө салган.
13-ноябрга караган түнү Ош улуттук драма театрынын актрисасы Нурила Алимбаева узакка созулган оорудан улам 41 жашында каза болгон. Анын артында 2 жаштагы кызы калган.
2019-жылы кыргыз киносу дагы бир чоң талантынан айрылды. "Караш-караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Асма көпүрө", "Ак кеме", "Бөрү зындан" жана башка кыргыз кереметин жараткан режиссёрлордун бири Болот Шамшиев 21-декабрь күнү 78 жаш курагында оорудан улам дүйнө салган.