Бишкекте каракчылык кылганга шектелип 4 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлагандай, окуя 26-декабрда болгон.
"Биринчи Май РИИБине шаар тургуну К.Ж. арыз менен кайрылып, карактап кеткендерге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арызда түнкү саат 03:00дө Тоголок Молдо - Абдымомунов көчөсүнүн кесилишинде белгисиз 4 жаран бычак, тапанча менен коркутуп, смартфонун жана чөнтөгүндөгү миң сомун алып, качып кетишкени айтылган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө, шектүү катары 1998-жылы туулган Н.Ш., 1999-жылы туулган Н.О., 1999-жылы туулган А.Н. жана 2002-жылы туулган М.С. аттуу жарандар кармалды", - деди басма сөз кызматынан.