Режиссёр Алтынбек Максүтовго Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылды. "Сыйлык мен үчүн күтүүсүз болду", - дейт ал

Бүгүн, 30-декабрь күнү Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча президенттин жарлыгы чыкты. Анда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кɵркɵм жетекчиси Алтынбек Максүтовго Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылганы белгилүү болду. Сыйлык тууралуу Алтынбек мырза SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Мага азыр эле Токтобек Асаналиев чалып, куттуктады. Күтүүсүз кабар болду. Бул мен үчүн чоң сыймык, жашоого чоң стимул. Келечекте кыла турган иштерге чоң жоопкерчиликти жаратат. Ошондой эле кыргыз элимди Жаңы жылы менен куттуктайм. Жаңы жыл жакшылыктын, ийгиликтин жылы болсун. Келечекте дагы да чоң жаңыланууларды жаратабыз деп ишенем", - дейт Максүтов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Arman7
2019-12-30 15:00:54
Ошол учун канча толоду экен
+1
bond02
2019-12-30 15:07:47
Эмнеге бир созду кайталай беришет э сыйлык кутуусуз болду деп, сыйлык алуу учун алдын ала документ даярдайт экенсинер го же ал документти атан даярдап коюптурбу?
+11
GARENA
2019-12-30 15:45:19
bond02,Ошону айтайын делим эле)
+2
Store
2019-12-30 19:56:28
bond02, Менда ошону жазайын десем жазып коюпсуң))).
Бул сыйлыкты деп ар жыл аяктаганда түнү-күнү уктабай күтүшүп, тааныштарын ортого салып, министрликтин эшигин тешип ийишетко, анан акырында сыр не давай кылып "Күтүүсүз болду" дейт, атак күтө берип саргайып кетсеңер керек ушул жылы алайын деп!
+1
Janna07
2019-12-30 15:53:29
Ким бул?
+1
Aimani
2019-12-30 16:16:24
Кут болсун
+2
Bishkek312.
2019-12-30 20:39:12
Куттуктайм Алтынбек мырза бул сыйлыкка татыктуу, ал эми бул ким дегендер көчмөндөр оюндарын көрсөңөр керек ошону уюштурган ушул жигит азаматсын Алтынбек алга!!!
+3
nuke-85-85
2019-12-30 20:43:04
Мен да айтайын дегем. Кутуусуз болду дейт уялбай. Тескерисинче ушул сыйлыкты канча куттум деп айтса болмок. Бул сыйлыкты алганча канча акча коротту канча тааныштарын ортого салды. Эххх... жалганчы жетекчилер ай...
+1
nuke-85-85
2019-12-30 20:52:16
Алтынбек мырза билесизби эмне кутуусуз болоорун. Мисалы: Сиз жолдо баратын акча же башка нерсе таап алсаныз ошол нерсени кутуусуз десениз болот.
-2
Islambek123
2019-12-30 22:10:47
Кутусузду кутуп, саргайып канчасы чуркап журот,акчасын которуп министирлерге пахта койуп.
0
Nemo_0587
2020-01-01 19:17:27
Абдылда Иманкулов эркекче эле айтып койгон, алдын ала айтышат, документ даярдап барып министрликке тапшырат, министр кол коюш керек. Анан эле эл билбей тургансышып күтүүсүз болду, башка жакта элем тиги бу дешип...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан