Кыргыз Эл артисти наамы ыйгарылган актёр Эгемберди Чалабаев: "Эмгегибизди баалаган элге ыраазычылык"

Бүгүн, 30-декабрда чыккан президенттин жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын режиссёру Эгемберди Чалабаевге берилди. Аны сыйлыгы менен куттуктоо максатында SUPER.KG порталы байланышканда кабарды биринчи бизден угуп жатканын айтты.

"Мен чынында күткөн эмесмин. Бир кезде сыйлыктарды сатып алышууда, тааныш аркылуу алып жатышат деп айтып жүрүшпөдүбү. Мен да ошондой болсо керек деп ойлоп жүргөм. 31-августта Калича Сейдалиева Эл артисти болгондо аябай кубангам. Ырас татыктууларга да берип калышыптыр дегем. Себеби артисттер бири-бирибиздин деңгээлибизди билебиз да, ким эмнеге татыктуу экенин. Бир кезде наам алсамбы деген ойлор болгон. Акыркы кезде, чынын айтсам, оюм сууп деле калган болчу. Биз чынында өмүрүбүздү театрга арнап койдук. Андыктан эмгегибизди баалаган элге, өкмөткө ыраазычылык", - дейт Эгемберди Чалабаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aimani
2019-12-30 16:16:07
Кут болсун
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан