Бүгүн, 30-декабрь күнү жарыяланган президенттин жарлыгына ылайык, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти Табылды Актан III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды. Сыйлык тууралуу актёр SUPER.KG порталына төмөнкүдөй комментарий берди.
"Мага сыйлыкты алдыңыз деп эртең менен айтып жатышкан. Койгулачы тамашаңарды деп койдум эле. Биз театрда 52 жыл талбай эмгек кылдык. Кыргыз театры үчүн болгон аракетибизди жумшадык. Эч нерсесинен калбадык, ары кетип, бери келген жокпуз. "Мени көрдүңөрбү?" деп көкүрөк какпай, жерди карап алып иштей бердик. Эмгегиң кайтып, бааланса сүйүнөт экенсиң. Мен жазында 70 жылдык юбилейимди бергени жаткам. Ошонун алдынан да жакшы белек болуп калды. Сыйлыкты ыраа көрүшкөнүмө ыраазымын", - дейт сыйлык ээси.