Кенже Дүйшеева Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти болду. "Сыйлык менин ак мээнетимдин үзүрү", - дейт ал

Президент Сооронбай Жээнбековдун Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча жарлыгына ылайык, ырчы Кенже Дүйшеевага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды. SUPER.KG порталы ырчы айымды сыйлыгы менен куттуктап, бул тууралуу пикирин билди.

"Сыйлыкты жашыраак учурда алсам, балким, башкача кабыл алмактырмын. Азыр баарын таразалап калгандыктан, наамды чоң жоопкерчилик менен кабылдадым. Кыргыз эстрадасында иштеп жатканыма быйыл 26 жыл болуптур. Менимче, бул сыйлык менин акыркы 10 жылдагы ак эмгегимдин үзүрү. Баарынан да мени кубантканы, азыркыга чейин Эл артисттери, Эмгек сиңирген артист ага-эжелер "сен татыктуу алдың" деп куттуктап чалып жатышат. Ушул нерсенин өзү эле мен үчүн чоң сыймык. Социалдык баракчалардан бир да адамдын "татыксыз алды" деп жазганын көргөн жокмун. Ошол нерсеге да териме батпай кубанып жатам. Сыйлык үчүн эмгегимди баалаган элиме ыраазычылык билдирем", - дейт Кенже Дүйшеева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Belek1710
2019-12-31 11:11:47
Куттуктайбыз!
+8
XAN-TORO
2019-12-31 11:30:23
Кут кылсын. Талыкпай иштеп Эл артиси деген наамга да жетин
+10
bond02
2019-12-31 11:31:12
Сыйлык албаган менин актошум эле калган окшойт.
-9
Adi010891
2019-12-31 17:36:05
bond02,Жоок, тууганым менин да Тузик атту кандегим бар. Умут узбойлу берип калар. Менин иттим жандуу ун менен урот
-2
Islambek123
2019-12-31 11:32:02
Куттуктаймын! сизге да кутуусуз болдубу ?ким эле алса кутуусуз болчу эле.
+4
katerina.li
2019-12-31 11:55:33
Сыйлыгыныз кут болсун . Жаны жыл бактылуу жыл болсун сизге. Ушактардан алыс жургонунуз жагат мага.
+6
nuke-85-85
2019-12-31 12:05:44
Бизде ушундай Кенже деген ырчы барвы?
-16
bond02
2019-12-31 12:07:22
nuke-85-85,оо илгери болгон, 20чы кылымда.
-12
bond0202
2019-12-31 13:11:14
nuke-85-85,биз учун бар.сен учун жок болсо
+12
Mamiev
2019-12-31 14:54:16
Мисалга Кенже самар дегендер ге караганда Султан Садыралиев Ильяз Абдразаков дегендер көп ыр чыгарып көп иштеши. А эмнеге аларга бербейт. Эмгек сиңирген деп айтылып турат а булар тор ыр менен синирип жатышат. Дагы ала элек толтура. Негизи
-5
Tiken
2019-12-31 17:14:38
Татыктуусуз, кут болсун наам!!!
+5
Nevestkaa
2019-12-31 18:21:39
Сыйлык кут болсун!!!Давно алыш керек эле Калыков,Каримовалар алганы татыксыз болгон.Кыз-Буракты кызбурак кылган Кенже болчу.Азыр Кыз-Буракта ким бар эч ким жок.КУТТУКТАЙМ!!!
+9
bekbol2006
2020-01-01 02:23:09
Сыйлык кут болсун! Давно алышыныз керек эле
+2
Aziz81
2020-01-01 21:19:14
Эркелетип саамайымдан сылаган, Кундорду энсем менден алыс узаган,Озунду энсем арман ай атин аармаан Чыкчу кунум барбекен Бир кумардан...... Кенже айым татыктуу Эл артисин алышын кутом.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан