Сириядагы согуш аракеттерине катыштыгы бар делген жарандын үйүнөн курал-жарактар табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Жалал-Абад ОИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде, Сузак районунун 1991-жылы туулган Б.Э. аттуу тургуну өзүнүн жашаган үйүндө курал-жарак сактап жүргөнү жөнүндө маалымат алынган. Аталган маалымат Сузак РИИБинин КЖБРне 2019-жылы 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо максатында, атайын тергөө тапшырманын негизинде иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда, ал 2014-жылы Орусия Федерациясына барып, Түркия аркылуу Өкмөттүк армияга каршы согуш аракеттерине катышуу үчүн Сирия Араб Республикасынын аймагына чыгып кеткендиги жана 2014-жылы согуш болуп жаткан Сирия Араб Республикасына барганга чейин дыйканчылык менен алектенгени такталган.
Алынган ыкчам маалымат боюнча Б.Э. “Катибат аль Имам аль-Бухари” террордук уюмуна кошулган. 2015-жылы июнь айларында анын артынан согуш болуп жаткан Сирия Араб Республикасына үй-бүлөсү (атасы, апасы, эжеси, жээни, өздүктөрү аныкталган) Турция мамлекети аркылуу чыгып кетишип, алардын согуш лагеринде жүргөндүгү боюнча маалыматтар алынган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, 2019-жылдын 23-декабрь күнү Сузак райондук сотунун тергөө соту тарабынан турак жайды тинтүүгө берилген токтомунун негизинде, тиешелүү кызматтардын жана калыстардын катышуусунда шектүүнүн жашаган дарегине тинтүү жүргүзүлгөн.
Тинтүү учурунда Б.Э. үйүнүн чатырынан самандын астынан кызыл түстөгү полиэтилен пакетке оролгон ок атуучу куралга таандык эки даана магазини 12 даана огу менен жана маркировка белгилери өчүрүлгөн белгисиз ок атуучу курал (тапанча), глушители менен табылган. Бул буюмдарды көрсөтүлгөн даректе убактылуу жашаган Б.Э.нин карындашы ок атуучу куралдарды агасына таандык болушу мүмкүн экендигин тастыктаган", - деп айтылат маалыматта.
Алынган буюмдарга соттук-криминалистикалык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалып, Тергөө кызматы тарабынан алынган куралдын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тергөө иш аракеттери улантылууда.