Бүгүн, 31-декабрда Бишкекте "Ала-Тоо" аянтында Жаңы жылга арналган концерт өтүүдө. Концерттик программа саат 20:00дө башталды.
Программанын алкагында Аяна Касымова, Иса Өмүркулов, Султан Каримов, Динара Акулова, Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков, Расул Маматкулов, Бактыяр Токторов, Салтанат Аширова, Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Омар, Арсен жана Марс Мамаев шаардыктарга жана конокторго майрамдык маанай тартуулашат.
Концерттин соңунда Жаңы жылдык салют аттырылат.