Бишкекте милиция кызматкерлеринин унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Окуя кечээ, 31-декабрда Медеров жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.
Республикалык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынан билдиргендей, Биринчи Май РИИБине таандык УАЗ унаасы менен Хонда Фит сүзүшкөн. УАЗ унаасы оодарылып кеткен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалганын билдирет маалымат кызматынан.
Аталган башкармалыктан кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркаган болушу мүмкүн деп кошумчалады.