Телеалпаруучу, тамада Максат Довранов темир тулпарлуу болду. Жаңы тулпары тууралуу ал SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Өткөн жыл мен үчүн ийгиликтүү, жемиштүү болду. Тармактык бизнесте иштеп жүрүп чогулткан акчама Lexus LS 460 (2010) үлгүсүндөгү унааны алдым. Мындай унааны көптөн бери кыялданып жүргөм. Андыктан Жаңы жылга карата өзүмө кыялымдагы унааны белек кылдым", - дейт Максат.